super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Адылбек Касымалиев: "Былтыр өлкө ИДПнын өсүүсү боюнча алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди"

 

Кечээ, 8-декабрда Ынтымак-Ордодо өкмөт башчы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Бүгүн биз 2025-жылга консолидацияланган бюджетти карап жатып, бюджеттин көлөмү 1,1 триллион сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз жана 2025-жылы триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 миллиард сом болчу, азыр – 381,7 миллиард сомго өсүү же 153,8 пайызга көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 миллиард сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз",- деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, үстүбүздөгү жылдын 10 айында ИДПнын өсүшү 10 пайыз түзгөнүн айткан.

“Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди, буга чейин 9 пайыз өсүү темпи менен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирген. Бюджеттик мыйзамда бекитилген ИДПнын көлөмү 1 триллион 624 миллиард сом болсо, он айдын жыйынтыгы боюнча 1 триллион 427 миллиард 359 миллион сомду түздү.

Ал эми жылдын аягына чейин 1 триллион 779 миллиард сомду түзөт деп божомолдонду, же бекитилгенден 155,6 миллиард сомго көп болот. Экономиканын бардык тармактарында өсүү катталды. Булардын ичинде курулуштагы жылдык өсүүлөр орточо 42,8 пайызды түзгөнүн белгилөөгө болот. ИДПнын адам башына бөлүнүшү 2025-жылы бекитилгени 2616 доллар болсо, жылдын жыйынтыгы менен 2770 долларды түзөт деп болжолдонуп жатат (+154 доллар).

Улуттук банк маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын алтын-валюта резервдери дээрлик 8 миллиард долларга жетти (7 миллиард 955,10 миллион доллар), 2024-жылдын октябрына салыштырмалуу 3 миллиард 20,34 миллион долларга өстү”,- деди ал.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: