БШК Жылдызкан Жолдошованы депутат катары каттаган жок
Кечээ, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алынды.
БШКнын мүчөлөрү аталган округдан Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырышты.
Буга чейин бул округдан гендердик квота боюнча алдыга Жылдызкан Жолдошова чыккан болчу. Жолдошованын Төрөбековадан артта калышына аймактык шайлоо комиссиясынын 8-округдагы эки шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган чечими себеп болду.
Жолдошова №5249 жана №5514 шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктын жокко чыгышы менен 1009 добушу жараксыз болуп калганын билдирип, чечим мыйзамсыз экенин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















