БШК мурдагы депутат Ыргал Кадыралиеваны эл өкүлү кылып каттаган жок
Кечээ, 8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында №9 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алынды.
БШКнын мүчөлөрү аталган округдан Данияр Төлөнов, Азамжан Жалилов жана Жылдыз Эгембердиеваны депутат катары таануу боюнча токтом долбоорун жактырышты.
Буга чейин бул округдан гендердик квота боюнча алдыга Ыргал Кадыралиева чыккан болчу. Буга №9 округдагы 7 шайлоо тилкесинин жыйынтыктарынын жокко чыгарылышы себеп болду.
Айта кетсек, Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















