super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан быйыл кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздайт

 

Быйыл Кыргызстан кант кызылчасынан өндүрүлгөн кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылдан калган запастар жана быйылкы түшүмдүн негизинде шекер жетиштүү.

“Былтыр жалпы кант кызылчасынан түшүмдү 957 миң тонна көлөмүндө рекорддук көрсөткүчтө алганбыз. Быйыл түшүмдүүлүк азыраак болуп, кант кызылчасынын түшүмү бир гектарына 380-450 центнерге чейин айланып жатат. Былтыр бул көрсөткүч 600 центнерден өйдө болгон. Бул аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу”,- деди министрлик өкүлү.

Идирисов ошондой эле, Чүй өрөөнүндө ушул жуманын ичинде кант кызылчасынын акыркы аянттарында түшүм жыйналып бүтөрүн маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: