Миллионго жакын сумма... Бишкекте киберкылмышка шектүү кармалды
Бишкек шаарында киберкылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жолу менен 974 миң 200 сом өлчөмүндө акча каражатын котортуп алышкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2005-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран коммерциялык банктардын биринен банк картасын ачып, үчүнчү жактарга мыйзамсыз аракеттерди жасоого шарт түзүп, материалдык зыян келтирүүгө көмөктөшкөнү аныкталды.
Кылмыш ишинин алкагында Н.Э. аттуу шектүү кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















