super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аскат Жетигенди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок

 

"Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Facebook баракчасында акын, ырчы жана активист Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу боюнча өтүнүч жазылганын билдирди.

Ал өтүнмөнү Аскат Жетигендин жактоочусу анын абактагы жакшы жүрүм-турумун эске алуу менен камактан мөөнөтүнөн мурда бошотууну суранып, Жазаларды аткаруу мекемесине жибергенин маалымдады.

Мекеме бирок Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга чакырык жасоо" беренеси менен жазага тартылгандар үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбай турганын белгилеп, жооп кылган. ЖАМК жооп катында Аскат Жетигенге оң мүнөздөмө берип, ал тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын да жазган.

"Аскат Жетиген 2026-жылдын августунун ортосуна чейин абакта калды",- деп жазды Абдирасулова.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген былтыр 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот активистти актаган.

Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Акын былтыр 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: