БШК 87 талапкерди депутат катары тааныды
Борбордук шайлоо комиссия кечээ, 8-декабрдагы жыйынында бир катар шайлоо округдары боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Муну менен БШК 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып бүттү. Ал эми №13 округдагы жыйынтык жокко чыгарылды. Ал аймакта кайра шайлоо өткөрүлөт. БШКнын жыйынтыктарынан соң депутат боло тургандардын буга чейинки белгилүү болгон тизмесинде бир аз өзгөрүү болду.
Алсак, №8 округда жеңди делген Жылдызкан Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекова келе турган болсо, №9 округдан Ыргал Кадыралиева четтеп, Жылдыз Эгембердиева мандат алмай болду.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына депутат боло турган 87 адамдын тизмеси:
- №1 шайлоо округу: Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, Камила Талиева.
- №2: Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев, Бурун Аманова.
- №3: Равшанбек Рысбаев, Жаныбек Аматов, Махабат Мавлянова.
- №4: Советбек уулу Рустамбек, Уланбек Жаанбаев, Нилуфар Алимжанова.
- №5: Элдар Сулайманов, Азамат Исираилов, Айгүл Ахмедова.
- №6: Алтынбек Кудайбердиев, Бекмырза Эргешов, Салтанат Аманова.
- №7: Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, Гүлай Машрапова.
- №8: Жанар Акаев, Улан Примов, Нуржамал Төрөбекова.
- №9: Данияр Төлөнов, Азамжан Жалилов, Жылдыз Эгембердиева.
- №10: Курманкул Зулушев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Гүлнара Баатырова.
- №11: Шайырбек Ташиев, Алтынбек Кылычбаев, Венера Салямова.
- №12: Бекмырза Чолпонбай уулу, Таалайбек Масабиров, Жылдыз Курманалиева.
- №14: Болотбек Борбиев, Кундузбек Сулайманов, Гүлшаркан Култаева.
- №15: Нурланбек Тургунбек уулу, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдиева.
- №16: Дастанбек Жумабеков, Медер Чотонов, Медина Кайрылбекова.
- №17: Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев, Чолпон Эсенаманова.
- №18: Карим Ханджеза, Бакыт Чомоев, Гүлжан Сатиева.
- №19: Абдылдабек Эгембердиев, Медербек Алиев, Эдита Тайгараева.
- №20: Темирлан Айтиев, Сеидбек Атамбаев, Токтобүбү Ашымбаева.
- №21: Куванычбек Конгантиев, Жаныбек Абиров, Жылдыз Садырбаева.
- №22: Дастан Бекешов, Болот Ибрагимов, Гуля Кожокулова.
- №23: Элвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Умбеталы Кыдыралиев.
- №24: Жумабек Салымбеков, Улукбек Карыбек уулу, Гүлнара Акимбаева.
- №25: Бахридин Шабазов, Бакыт Тентишев, Эркеайым Сейтказиева.
- №26: Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев, Жамиля Исаева.
- №27: Акылбек Түмөнбаев, Табылды Муратбеков, Гүлкан Молдобекова.
- №28: Эрулан Кокулов, Болот Сагынаев, Рахат Жунушбаева.
- №29: Нурбек Сыдыгалиев, Адилет Белеков, Гүлсүнкан Жунушалиева.
- №30: Кубанычбек Самаков, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы.
Айта кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү. Жеңип чыккан талапкерлердин канчасы мурдагы депутаттар, эң көп добуш алгандар кимдер? Бул шилтемеден окусаңыз болот.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















