super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Элчибек Жантаев жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду

 
Бүгүн, 9-декабрда мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев агенттиктин бөлүм башчылары жана орун басарларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системиндеги көйгөйлөр, алардын чечүү жолдору жана алдыдагы багыттар талкууланды.
Директор жыйында аймактардагы штаттык бирдиктердин жетишсиздигин, кызматкерлердин маяналарын жакшыртуу маселесин, санариптик компетенциялардын төмөн деңгээли сыяктуу көйгөйлөрдү баса белгиледи.
"Санарип доордо жашап жатып, айрым айыл өкмөттөрдө санариптик көндүмдөргө ээ адистердин жоктугу - бул олуттуу көйгөй. Айрым аймактарда дагы деле кагаз ташып иш жүргүзүп жаткандар бар. Ошондуктан штаттык бирдиктерди кайра карап чыгып, заман талабына жооп берген, санарип технологияларын өздөштүргөн кадрларды тартууга көмөк көрсөтүшүбүз зарыл,”- деди ал.
Жантаев ошондой эле өлкө боюнча жалпы 264 жергиликтүү бийлик органы (анын ичинен 230 айыл өкмөт, 34 шаардык түзүмдөр) бар экенин белгилеп, алардын ар бири боюнча так жана санариптик форматта маалымат базасын түзүү зарылдыгын айтты.
Жыйындын жыйынтыгында директор бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: