super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нарында прокуратуранын жаңы имараты ачылды (фото)

 
Бүгүн, 9-декабрда Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага башкы прокурор Максат Асаналиев катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча имараты болбогондуктан, Нарын облусунун прокуратурасы менен бир имаратта иш жүргүзүп келген. Ал эми бул имараттын курулуш иштери ушул жылдын апрель айында башталган болчу.
"Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча, заманбап талаптарга жооп берген имаратка ээ болушу - бул жөн гана курулуш объектинин бүтүшү эмес, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо жана коомго тийиштүү кызмат көрсөтүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрүү багытындагы маанилүү кадам.
Бул имарат жалпыга ачык, жеткиликтүү жана натыйжалуу прокуратура түзүү максатыбыздын көрсөткүчү",- деди Асаналиев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: