"Адилеттүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз". Садыр Жапаров Адам укуктары күнү менен куттуктады
Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Адам укуктары декларациясынын принциптери нарк-насил, салт-санаа менен шайкеш келип, өлкө жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани берип жаткандыгын билдирди.
"1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген бул документ ар бир адамдын укугу менен эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын эң жогорку баалуулук катары жарыялап, адам укуктары менен эркиндиктеринин заманбап системасынын бекем пайдубалына айланган. Байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналган. Ата-бабаларыбыз “Ар-намысың жоготконуң – адам деген атың жоготконуң” деп бекеринен айтышкан эмес. Демек, аталган декларациянын принциптери биздин нарк-насилибиз менен салт-санаабызга шайкеш келет.
1992-жылы БУУга кошулгандан кийин, өлкөбүз адам укуктарынын жалпы ченемдерин тааныйт жана колдойт. Ата-бабаларыбыздан бери келаткан бул баалуулуктар биздин Башмыйзамыбызда жана улуттук мыйзамдарыбызда да таасын белгиленген. Ошондуктан адам укуктары менен эркиндиги укуктук системанын өзөгүн жана жалпы мамлекеттик саясаттын пайдубалын түзүп, ал эми өлкөбүздөгү бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларда кызмат кылган адамдар дал ошол баалуулуктарды негиз кылып, аларга таянуу менен иш жүргүзүп келе жатышат.
Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону өз ара урматтоо маданияты, ар бирибиздин кылган иш-аракеттерибиз үчүн жоопкерчилигибиз, жаратмандыкка жана өз ара колдоого умтулуубуз катары кабылдайбыз.
Мамлекет бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, басмырлоого каршы күрөшүү боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет. Биз мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен аракеттери менен гана күчтүү, адилеттүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз",- деди президент.
Өлкө башчысы маанилүү күндө мекендештерди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырды. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдардын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептеле тургандыгы менен жыйынтыктады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















