super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы жылдык балатылары (видео)

 

Дагы 5 күндөн кийин, 15-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы өлкөнүн негизги балатысы жандырылат. Учурда ага кызуу даярдык көрүлүүдө.

Бул жылы балатынын бийиктиги жылдызын кошкондо 35 метрге жетет. Аны жасалгалоо үчүн 7 миңге жакын оюнчук жана жарыктандыруучу жабдыктар колдонулган. Борбордук аянттагы балаты быйыл жарандардын ыңгайлуулугу үчүн кенен аймакка жылдырылып, оргумалардын айланасына муз аянты курулууда. Анын жалпы аянты былтыркыдан миң чарчы метрге чоң.

Негизги балаты быйыл көк жана күмүш түстөр менен кооздолууда.

Ал эми Ош шаарындагы балатынын бийиктиги жылдагыдан өзгөчөлөнгөн жок. Быйыл да анын узундугу 30 метрди түздү. Тендерден утуп алган компания 2 миллион 200 миң сомго жаңы жылдык балатыны жана анын айланасын кооздоо иштерин жүргүзүүдө.

Аны менен катар "Северное сияние" аймагы уюштурулуп, муз аянтчасы да даярдалууда.

Ал эми экинчи борбор калаадагы балаты кызыл түскө басым жасалып кооздолду. Жандыруу 14-декабрга пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарындагы балаты коюлган аймак электр энергиясын үнөмдөө максатында күн сайын саат 22:00гө чейин жандырылат.






Ош шаарынын балатысы

Бишкек шаарындагы негизги балаты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: