Кыргызстандагы эки коммерциялык банкка 293 миң сом айып пул салынды
Кыргызстанда эки коммерциялык банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Финансылык чалгындоо мамлекттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки коммерциялык банк Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 355-беренесине ылайык жоопко тартылып, жалпы 293 миң сом айып пул салынган.
"Текшерүү учурунда банктар ички көзөмөлдөө тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгын, финансылык чалгындоо органы тарабынан суралган маалыматтарды жана документтерди берүүнүн талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузгандыгын, көзөмөлдөнүүгө жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүдө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы аныкталган",- деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, мыйзамдарда белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузуу фактылары аныкталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















