super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Сыртка чыгып иштегиле..." Жылынып отурган жол тескөөчүлөр башчысынан жеме угушту

 
Бүгүн, 10-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постун таң атпай күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу аталган башкармалык кабарлап, видео жарыялады.
Анда анын бөлмөдө жылынып отурган кызматкерлерди сыртка чыгарып алып тилдеп жатканын көрүүгө болот. Козукеев жол тескөөчүлөрүнө кыштын күнү графикти өзгөртүп, коопсуздук үчүн ишти эрте баштоону тапшырды.
"Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилбеди беле? Силер бул жакта жылынып отурганда алар өтүп кетишсе эмне болот? Мындай аба ырайында иш тартибин өзгөртүп, саат 8 эмес, 7ге жылдырыш керек. Сыртка чыгып иштегиле, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Тосуш керек да”,- деген жетекчи.
Башкармалык тараткан маалыматта Азенбек Козукеев бул көрүнүш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырганы да айтылат.





"Сыртка чыгып иштегиле..." Жылынып отурган жол тескөөчүлөр башчысынан жеме угушту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: