“Кыргызкөмүр”: Социалдык кампаларда 18 миң тоннага жакын көмүр даяр турат

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын социалдык көмүр кампаларында учурда 18 миң тоннага жакын даяр көмүр бар. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жарандар кампалардын даректерин жана ар бир кампадагы көмүрдүн так көлөмүн “Кыргызкөмүрдүн” социалдык баракчасынан же анда көрсөтүлгөн байланыш номерлерден биле алышат.
Садыралиев аймактар боюнча учурдагы запастарды төмөнкүдөй деп белгиледи:
-
Бишкек – 1 200 тонна
-
Чүй облусу – 5 800 тонна
-
Ысык-Көл облусу – 4 000 тоннага жакын
-
Нарын облусу – 5 500 тонна
Башка облустар боюнча да маалымат онлайн ресурстарда жеткиликтүү. Ал жарандарды жакынкы социалдык көмүр кампаларынан көмүр сатып алууга чакырды.
Мындан тышкары, күн сайын Кара-Кечеден 10 миң тонна көмүр чыгарылып, анын 7,5-8 миң тоннасы калкка, ал эми 2,5-3 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине жеткирилери айтылды. Ошондой эле бюджеттик жана социалдык мекемелер үчүн өзүнчө көмүр бөлүнөрү белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















