Ардагерлерге жаңы жылдык каалоо жана ыраазычылык билдирүү акциясы өтүүдө
Жаңы жыл алдында 1-декабрдан 20сына чейин “Ардагерлерге жаңы жылдык кат жаз” аттуу камкордук акциясы өтүүдө. Анын уюштуруучусу “Биримдикте болсок жеңилбейбиз” долбоорунун жетекчиси Софья Говязина, “Евразия” уюмунун колдооосу менен биргеликте өткөрөт. Акция Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына арналган.
Акциянын максаты - ардагерлерге майрамдык маанай тартуулоо жана ыраазычылык билдирүү. Ар бир каалоочу жөнөкөй кат, майрамдык открытка аркылуу согуштун ардагерлерине майрамдык кубаныч тартуулай алат.
Иш-чаранын алкагында активисттер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барып, аларды келе жаткан майрамы менен куттуктап, жаңы жылдык белектерин тапшырышат. Бул кадам ардагерлерге камкордук жана урмат-сый көрсөтүү максатын көздөйт.
Уюм тууралуу:
"Евразия" - бул эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана жеке каражаттардын эсебинен гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу бейөкмөт уюм. Ал салттуу баалуулуктарды сактоого жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган, социалдык мааниси бар демилгелерди колдойт. "Евразия" ар түрдүү маданияттагы адамдардын өз ара аракеттенишине көмөктөшөт, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу тармактарында долбоорлорду өнүктүрөт. Анын негизги багыттарынын бири мектеп окуучулары, студенттер жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Анын долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, алмашуулар жана ири мамлекеттик компанияларда стажировкалар бар. "Евразия" 1,5 жылдык ишмердүүлүгүндө ар түрдүү өлкөлөрдөн 100 000 катышуучуну бириктирип, евразиялык мейкиндиктеги гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алдыңкы платформасына айланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















