super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Убагында "Эль Класикодо" ойногон Роберт Просинечки "Ак шумкарлардын" машыктыруучусу болуп дайындалды 

 

Европалык адис Роберт Просинечки футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болду. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимди бекитүү бүгүн, 10-декабрда КФБнын президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда өткөн. Анда Ташиев Просинечкинин келиши курамага жаңы дем берерин, алдыда чоң максаттар турганын белгилеп өткөн.

"Келишимдин шарттарына ылайык, ал 1 жыл 1 айга ырасталды. Эгерде анын жетекчилиги алдындагы курама команда 2027-жылкы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтсө, анда макулдашуу кошумча 3 жылга узартылат",- деп билдирди КФБ.

Роберт Просинечки футбол дүйнөсүндө кеңири таанымал адис. Ал Хорватиянын, Азербайжандын, Босния жана Герцеговинанын, Түркиянын жана Черногориянын улуттук командаларын, ошондой эле бир катар европалык клубдарды жетектеген. Ал убагында мадриддик "Реал" менен каталондук "Барселона" клубдарында ойногон футболчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: