Жылдызкан Жолдошова БШКны сотко берди
Жылдызкан Жолдошова Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз жазганын билдирди.
"Укук коргоо органдарынан турган ыкчам топ №8 шайлоо округунан биринчи келсем дагы жалган жалаа менен добуштарымды жокко чыгарышты.
Бул жерде менин гана укугум эмес, шайлоочулардыкы да тебеленип калды. БШК менин келтирген далилдериме карабастан өздөрүнүн токтомун чыгарып койду",- деди ал.
Айта кетсек, Жолдошова кезексиз парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан гендерлик квота боюнча алдыга чыккан. Шайлоодон кийин №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганы белгилүү болгон.
БШК Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырган.
Жылдызкан Жолдошова БШКны сотко берди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















