Конституциялык сот өлүм жазасына уруксат берүү сунушун кароого киришти
Конституциялык сот бүгүн, 10-декабрда саат 10:00дө президенттин “Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу сунушун кароого киришкенин билдирди.
Мекеме Башмыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталып жатканын белгилеп, анда балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүндүгү каралганын маалымдады.
"Бул категориядагы иштер Конституциялык сот тарабынан жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча каралат, анткени президенттин корутунду берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Конституциялык сот өлкө башчынын сунуштамасын кабыл алганы маалым болгон.
Белгилей кетсек, Башмыйзамга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору октябрь айында коомдук талкууга коюлган. Учурда өлкөнүн Башмыйзамы өлүм жазасына тыюу салат. Бул тыюу качан күчүнө кирген, өлкөдө акыркы өлүм жазасы качан ишке ашырылган? Бул суроолорго жооп алуу үчүн ушул шилтемден окусаңыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















