Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды
Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров 1948-жылдагы БУУнун Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күнүн утурлай акыйкатчы Жамиля Жаманбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Акыйкатчы институтун Адам укуктары күнү менен куттуктап, бардык укук коргоочулардын жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу боюнча аткарган миссиясынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Президент быйыл "Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол коюлганын эске салды. Мыйзамдын алкагында кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун функциялары кайталоолорду болтурбоо жана адам укуктарын коргоонун улуттук механизмин күчөтүү максатында Акыйкатчы институтуна интеграцияланды. Садыр Жапаров акыйкатчынын көз карандысыздыгын мындан ары да мыйзамдык жактан бекемдөөгө жана аны Париж принциптерине толук ылайык келтирүүгө колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Мамлекет башчысы кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу боюнча саясаттын артыкчылыгын ырастап, бардык мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду. Садыр Жапаров акыйкатчыга бул маселеде координациялоочу ролду алууну тапшырды.
Жамиля Жаманбаева президентке институттун учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, сунуштамалардын аткарылыш деңгээли жогорулаганын, ошондой эле мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бекемделгенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча президент жооптуу органдарга Акыйкатчы институтунун дараметин жана көз карандысыздыгын жогорулатуу максатында кадрдык жана финансылык камсыздоо, кызматтык унаа, аймактык кеңселердин иши боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















