super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Марокконун Фес шаарында эки үй кыйрап, 22 киши каза болду

 

Марокконун Фес шаарында төрт кабаттуу 2 турак үй кыйрап, кеминде 22 адам көз жумду. Ал эми 16 адам жаракат алды. Ураган үйлөрдө жалпысынан 8 үй-бүлө жашагандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды издөө иштерин улантышууда, жакынкы үйлөрдүн тургундары эвакуацияланды. Жергиликтүү тургундар кыйраган үйлөрдө көп жылдан бери жаракалар болгонун айтышат.

Прокуратуранын маалыматына караганда, үйлөрдүн биринде жаңы төрөлгөн балага арналган майрамдык иш-чара өтүп жаткан. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Бул кырсык Фес шаарында акыркы эки жылда адам өлүмү менен коштолгон үчүнчү факт. Мароккодо жалпысынан 39 миң имарат урап калуу коркунучунда тургандыгы маалыматта кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: