Сот Жылдызкан Жолдошованын арызын канааттандырган жок
Жылдызкан Жолдошова Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы жазган арызын канааттандырбаганын билдирди.Ал сот арызды кечээ, 11-декабрда карап, БШКнын токтомун күчүндө калтырганын белгилеп, Жогорку сотко кайрыларын айтты.
"Менин укугумду тебелеп коюшуңар мүмкүн. Бирок шайлоочуларымдын укугун эч кимге тебелетпейм. Анткени шайлоочулар эл. Эл менен эсептешкиле, кимиңер болсоңор да",- деп жазды ал Facebook баракчасында.
Айта кетсек, Жолдошова кезексиз парламенттик шайлоодо №8 шайлоо округунан гендерлик квота боюнча алдыга чыккан. Шайлоодон кийин №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелериндеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганы белгилүү болгон.
БШК Жолдошованын ордуна Нуржамал Төрөбекованы депутат катары таануу боюнча токтомду жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















