"Мага эл керек, спектакль эмес". Ташиев Баткенде жасалма жолугушуу кылган жетекчилерди зекиди (видео)
Кечээ, 11-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Раззаков айылынын жашоочулары менен жолугушууга барды."Регион" ТВ тараткан видеодон Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертүү берип, зекип жатканын көрүүгө болот. Анын себеби жашоочулардын көпчүлүгү жолугушууга киргизилбей, сыртта калган. Атайын кызматтын башчысы муну байкап, жасалма жолугушууларды токтотуу керектигин билдирип, дароо бул көрүнүшкө олуттуу реакция жасады.
"Мага ушул жердин жашоочулары керек, спектаклдин кереги жок. Элдерди киргизбей, эптеп мени кетирип жиберейин деп жатышат. Мен андайды жаман көрөм. Буларды (ред.: жергиликтүү бийлик) урушуп жатам, мындай кылбагыла деп. Мен атайын эртең мененки саат 5те туруп, элге жолугайын, алардан кабар алайын деп келдим",- деди Ташиев жашоочулардын алдында.
Ташиев Баткенде жасалма жолугушуу кылган жетекчилерди зекиди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
18:11
2025-12-12
17:54
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















