Жарандык активист Айбек Теңизбай 48 саатка камакка алынды
Жарандык активист Айбек Теңизбай УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттык" анын жактоочусу Жаныш Бараковго таянып жазып чыкты.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айып тагылган.
"Кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголуптур. Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди жана таанышып чыктык. Ал жерде Теңизбаевдин YouTube`дагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, "кастыкты козутуу белгилери бар" деп белгилениптир. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон",- деген Бараков.
Жактоочу Теңизбайдын бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда караларын кошумчалаган.
Айта кетсек, активист кечээ, 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалганы белгилүү болгон. Үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү да айтылган болчу.
Айбек Теңизбай YouTube`дагы каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал маектешине сөз эркиндиги тууралуу суроолорду да узатып келет. Теңизбай социалдык тармактагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жазып турат.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















