Сүлүктү шаарындагы чек арачыларга батирлер тапшырылды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 64 чек арачыга жаңы батирлерди тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, батирлердин ачкычтарын ээлерине тапшырды.
Маалыматка карганда, чек арачылар үчүн курулган турак жай комплекси 4 кабаттан турат.
УКМКнын төрагасы акыркы жылдары мамлекет кошуналар менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштер толук аяктаганын билдирди. Ошондой эле кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон чек арачылардын жакындарына ыраазычылык билдирип, бул иште алардын салымы чоң экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, комплекстеги 3 батир дарыгерлерге берилери маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
18:11
2025-12-12
17:54
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















