Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталат. Анын максаты баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Жарманке өтө турган даректер:
- Усубалиев атындагы аянт;
- Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
- Эркиндик бульвары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
18:11
2025-12-12
17:54
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















