super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өзбекстанда газ импорту азайып, унаага метан толтуруучу жайлардын иши убактылуу чектелди

 

Өзбекстанда метан менен иштеген унаага газ куюучу станциялардын ишине убактылуу чектөөлөр киргизилди. Өлкөнүн Энергетика министрлиги мунун себеби деп сырттан келчү газдын үзгүлтүккө учурашын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, учурда Өзбекстанга коңшу өлкөдөгү газ заводунун техникалык бузулушуна байланыштуу табигый көгүлтүр отундун импорту азайып жатат. Энергетика министрлиги жарандарды кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. Бирок кайсы өлкө жөнүндө сөз болуп жатканы так айтылган жок.

Үй чарбаларын жана мектеп, бала бакча, ооруканалар, жогорку окуу жайлар, жылуулук электр станциялары сыяктуу социалдык объекттерди туруктуу түрдө газ менен камсыз кылуу биринчи кезектеги маселе болгондуктан, унааларды метан менен камсыздаган жайлардын ишин чектөө чечими кабыл алынды.

Жыл башында Өзбекстан бийлиги бардык автогаз толтуруучу компрессордук станциялардын ишин токтотуп, 20 күндүн ичинде кайра калыбына келтирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: