super.kg logo
  Саясат  

ЖКда Кытайдан келген тракторлор дыйкандарга 14 пайыздык үстөк менен бериле турганы айтылды

 
 ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 17-декабрдагы жыйынында  депутат Эсенгул Исаков "Айыл Банктын" өкүлүнө кайрылып, Кытайдан алынып келген тракторлорду дыйкандарга канча пайыздык үстөк менен насыяга берип жатканын сурады. Аталган банктын өкүлү Токтобек Акматов "Кытайдан 7 пайыздык үстөк менен алып, элге 13-14 пайыздык үстөк менен берип жатабыз" деп жооп берди. Депутат ошондой эле бул кредиттик насыялардын пайызы боюнча элден ар кандай арыздар түшүп жатканын айтты. Буга Токтобек Акматов "эл кандай эле сизге арыз жазып кайрылат да, бизге кайрылбайт?" деди эле, Эсенгул Исаков "мен элдик депутатмын, сиздин мага минтип суроо бергенге акыңыз жок. Мени кекетип, чычалабай, түз суроого түз жооп бериңиз" деп талашып-тартышып кетти. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: