Жапаров Путин, Токаев, Пезешкиан менен Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду (видео)
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Садыр Жапаров менен бирге Орусиянын лидери Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана башка лидерлер катышкан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 11-декабрда иш сапары менен Ашхабад шаарына барган. Анда Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумга катышары айтылган.
Жапаров Путин, Токаев, Пезешкиан менен Ашхабаддагы Бейтараптык монументине гүл койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
18:11
2025-12-12
17:54
2025-12-12
17:13
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















