super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жаңы жылдык каникулду узартуу сунушталды

 

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн Жаңы жылдык эс алууну 12-январга чейин узартуу сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте 8-9-январдагы иш күндөрүн 7-февраль менен 25-апрелдеги дем алыш күндөрүнө жылдыруу сунушталат. Ал эми 10-11-январь дем алыш күндөрүнө туура келет.

Министрлик муну 3 жагдай менен чечмелеген. Анда Жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар жана сасык тумоо оорулары күч алары эске алынган жана окуучулардын каникулу 12-январга чейин болгондуктан аларга ата-энелери менен чогуу эс алууга шарт түзүү зарыл экени белгиленет.

Ошондой эле январдын биринчи эки аптасында кышкы туристтик сезон күчөй турганы эске алынып, каникулду узартуу чакан жана орто бизнес үчүн кошумча киреше алып келери айтылат. Каникул энергетикалык жүктү азайтууга да өбөлгө болору кошумчаланган.

"Жаңы жылдык каникулду 2026-жылдын 12-январына чейин узартуу мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга, ошондой эле калктын ден соолугун жана бакубаттуулугун чыңдоого шарт түзөт. Каникулду узартуу жөнүндө чечим кабыл алуу олуттуу бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт",- деп айтылат токтом долбоорунун негиздеме-маалымкатында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: