Мэрия шаар тургундарын балатыны жандыруу аземине чакырат
Бишкек шаарындагы Ала-Тоо борбордук аянтында 15-декабрда саат 18:30да жаңы жылдык балатыны жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Мэрия иш-чаранын конокторун бай программа жана чыныгы майрам күтөрүн белгиледи. Анда белгилүү артисттер жана эл сүйгөн ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Аталган күнү 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода дүкөндөрү, тез тамактануучу зоналар, этно-зона, мастер-класстар өтүүчү жай, сантанын үйлөрү, фотозоналар жана оюн-зоок зоналары дагы ачылат.
"Борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун келе жаткан Жаңы жылдын кубанычын биз менен бөлүшүп, чыныгы кышкы жомокту көрүүгө чакырабыз",- деп билдирди мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2025-12-12
19:00
2025-12-12
18:11
2025-12-12
17:54
2025-12-12
17:13
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















