super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Болгария премьер-министри Росен Желязков массалык нааразычылыктардан кийин отставкага кетти

 

Болгариянын премьер-министри Росен Желязков жетектеген өкмөт нааразычылык акцияларынын күчөшүнөн кийин отставкага кетти.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, шаршемби күнү кечинде өлкөнүн көп шаарларында миңдеген адамдар көчөгө чыгып, Софиянын борборундагы Эгемендүүлүк аянтын толтурушкан. Акцияга 100 миңге чейин жаран катышып, парламент имаратында "өкмөт кетсин" деген ураандар айтылды.

Нааразычылык митинги өткөн жумада президент Румен Радев тарабынан да колдоого алынган. Ал өкмөттү кызматтан кетүүгө ачык чакырган.

Желязков отставкага кетүү чечимин парламенттеги кезектеги ишеним көрсөтпөө добуш берүүсүнүн алдында жана Болгариянын евроаймакка киришине 20 күн калганда кабыл алды. Өкмөт январдан бери бийликте болуп, коррупция боюнча сындардын чордонунда калган. Нааразычылыктардан кийин өкмөт келерки жылга карата талаш жараткан бюджет долбоорун да артка чакыртып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: