super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Америкалык рэпер Снуп Догг 2026-жылкы Олимпиадада ардактуу машыктыруучу болот

 

Америкалык рэпер жана шоумен Снуп Догг 2026-жылдагы Олимп оюндарында АКШ курама командасынын ардактуу машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада комитети билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Комитеттин маалыматына караганда, бул кызмат ыктыярчылык негизде аткарылат жана анын негизги максаты - спортчуларга мелдештерден тышкары моралдык, эмоционалдык жана руханий деңгээлде колдоо көрсөтүү. Ардактуу машыктыруучу спорттук стратегияга же тренерлик чечимдерге кийлигишпейт, бирок командада ынтымакты, мотивацияны жана позитивдүү абалды түзүүгө жардам берет.

Снуп Догг АКШда өзүнүн чыгармачылыгы менен гана эмес, спортко болгон кызыгуусу, коомдук ишмердүүлүгү менен да белгилүү. Анын катышуусу Олимпиада командасына көңүл бурууну күчөтүп, жаш спортчуларга шык берет деп кошумчаланган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: