Талибдер оогандыктарга өлкө сыртындагы согуштарга катышууга тыюу салды
Ооганстанда талибдердин өкмөтү жарандарга өлкө сыртындагы куралдуу жаңжалдарга катышууга тыюу салган бир катар диний жарлыктарды кабыл алды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Al Arabiyaга таянып жазды.
Маалыматка караганда, чечим Кабулда өткөн дин аалымдарынын чоң жыйынында кабыл алынган. Жыйынга премьер-министр Мулла Хасан Ахунд жана Жогорку Соттун төрагасы Абдул Хаким Шарайи катышкан.
Расмий документке ылайык, өкмөт чет өлкөдөгү согуш аракеттерине катышууга аракет кылган жарандарды токтотууга милдеттүү.
Белгилей кетсек, октябрь айында Ооганстан мене Пакистандын чек арасында чыңалуу күчөп, куралдуу кагылышуулардын натыйжасында эки тараптан жүздөгөн адамдар каза болуп, жаракат алышкан. Пакистан талибдерди “Техрик-и-Талибан Пакистан” тобунун мүчөлөрүнө өз аймагын колдонууга мүмкүнчүлүк берүүдө деп айыптап келүүдө, ал эми Кабул бул дооматтарды четке кагууда.
Эске салсак, 18-октябрда Дохада өткөн сүйлөшүүдө эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан. Бирок өткөн жумада чек арада кайрадан кагылышуулар башталды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















