Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары 12-декабрда аяктады.
Президент Жапаровду 11-декабрда аэропорттон Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Ошол эле аэропортто президент Бердымухамедов менен жолугушту.
Андан соң Жапаровдун Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен тет-а-тет форматында жолугушуусу болду. Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки жана көп тараптуу форматтагы актуалдуу маселелери талкууланды.
Экинчи күнү мамлекет башчысы Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу салтанаттуу аземине катышты.
Андан соң ал Тынчтык жана ишеним эл аралык жылына, Бейтараптык эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган "Тынчтык жана ишеним: туруктуу келечек үчүн максаттардын биримдиги" аттуу эл аралык форумга катышты.
Ошол эле жерде башка мамлекет башчылары менен катар Садыр Жапаров форумда сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөлөрдүн алдында жалпы милдет турганын – биргелешип тынчтыкты чыңдоо, чыр-чатактарды алдын алуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасы туруктуулукту чыңдоого багытталган эл аралык аракеттерди дайыма колдой турганын ырастады.
Президенттин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктап, 12-декабрда Бишкек шаарына кайтты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















