Манасчылардын чыры: Эки тарап элдешкени айтылды
Коомчулукта пикир келишпестиги талкууга алынган Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчылары Рысбай Исаков менен Асаналы Калил уулу элдешти. Бул тууралуу аталган театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматта манасчылар жалпы кыргыз элинен кечирим сурап, бири-бирин кечиришкени айтылат.
Айта кетсек, 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилген.
Кийинчерээк Рысбай Исаков токмоктолгону айтылган Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, кайрылуу жасаган.
Асаналы Калил уулу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















