Бишкекте коомдук тартипти бузган кыздар кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь районунда майда бейбаштык үчүн кармалган үч жаран, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу 13-декабрда шаардык милициядан билдиришти.
Ага ылайык, окуя 13-декабрында саат 02:10 чамасында болгон.
Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан мекемелердин биринде белгисиз кыздар башка конокторго, ошондой эле милиция кызматкерлерине карата агрессивдүү мамиле жасап, уят сөздөр менен сөгүнүшкөн.
Бул факт Октябрь РИИБнин маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде 1994-жылы туулган П.А., 1995-жылы туулган Ш.А. жана 2005-жылы туулган Ш.Н. аттуу жарандар кармалышты. Алар райондук Ички иштер башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкекте майда бейбаштыкка шектүү кыздар кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















