Обончу, композитор Шеркул Дүйшөналиев дүйнө салды
Белгилүү обончу, аткаруучу, композитор Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.Шеркул Дүйшөналиев 1957-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында туулган. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайынан билим алган.
Алгачкы чыгармачылык эмгек жолун Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Ч.Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана “Наристе” ансамблинде баштаган. Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенди. Ал 26 жаш курагында Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.
Анын обондору: “Жүрөгүм сезет”, “Булактагы кездешүү”, “Табийгат сыры”, “Кумар көз”, “Көңүл бөлсөң”, “Ойлончу”, “Сизге тааныш эмеспи”, “Үйлөнүү тоюна”, “Үмүт”, “Жаштар бийи” жана башкалар.
Дүйшөналиев обончулук менен ырчылыкты бирдей алып жүргөн.
SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















