super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Борбордо чет элдик жаранды алдап кеткен шектүү кармалды

 

Бишкек милициясы чет элдик жарандын арызынын негизинде ири алдамчылыкка шектүү жаранды кармады.

Милиция тактагандай, Бишкек ШИИББине И.С. аттуу чет элдик жаран арыз жазган.

Арызда ушул жылдын сентябрь-октябрь айларынын аралыгында Бишкекте жүргөндө анын ишенимине кирип, Кытайда чыгарылган 7 даана автоунааны алып келүүнү убадалап, 404 500 долларын ээлеп алган жаран Н.Б.га карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, убадаланган унаалар арыз ээсине берилбей, алган акчасын өз муктаждыгына жумшаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

32 жаштагы шектүү Б.Н. кармалып, убактылуу кармоо жыйына киргизилди. Учурда анын башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.

Жогорудагы жарандын аракетинен жапа чеккен же маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү номерге байланышса болот: 0 (773) 09-71-85 жана 102.











 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: