super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Австралиядагы пляжда атылган октон кеминде 10 адам каза болду

 

Австралиянын Сидней шаарындагы Бонди-Бич пляжында белгисиз адамдар тарабынан атылган октон кеминде 10 киши каза таап, бир нече жаран жарадар болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

SHOT телеграм каналы окуя еврейлердин Хануки майрамын белгилөө маалында болгонун жазды. Каза болгондордун арасында балдар дагы бар экени айтылууда.

Жергиликтүү басылмалар учурда 11 адам жаракат алганын, алардын экөө полиция кызматкерлери экенин кабарлады. Ал эми кол салгандардын бири өлтүрүлүп, экинчиси жарадар абалында кармалган. Полиция элди аймактан оолак болууга жана пляж аймагындагыларды баш калкалоочу жай издөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, Сиднейдеги Бонди-Бич пляжы - Австралиянын белгилүү жайларынын бири. Ага көптөгөн серфинг жана сууда сүзүүнү сүйүүчүлөр, ошондой эле туристтер барышат.






Сиднейде пляжа атылган октон 10 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: