Беш-Күнгөйдө аскер кызматкери жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти
Бишкектин четиндеги Таш-Мойнок айылында жол кырсыгы катталып, жүргүнчү каза болду. Маалыматты облустук Жол милициясынан тастыкташты.
Маалыматта берилгендей, кырсык бүгүн, 14-декабрда катталган.
Тайота Хайландер үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочу, сержант Ж.у.Н., Таш-Мойнок айылынын Борбордук көчөсүндө бара жатып жол четинде турган 65 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан соң жол четинде турган экскаватордун 46 жаштагы айдоочусун сүзүп алган.
Кырсыктан 65 жаштагы жүргүнчү жеринде каза болуп, Тайота Хайландер унаасындагы жүргүнчү катары бара жаткан 36 жаштагы аскер кызматкери, 43 жаштагы жана 36 жаштагы жарандар ооруканага жеткирилген.
Ал эми унаа айып кооросуна киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:53
2025-12-15
18:00
2025-12-15
14:59
2025-12-15
13:19
2025-12-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















