Гонконг сасык тумоосу деген эмне?
Өлкөдө сасык тумоо күч алганын дарыгерлер эскертип жатышат. Окурмандар да ушул жаатта суроолорду узатып, жооп алып берүүбүздү өтүнүшүүдө. Сасык тумоого байланыштуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, инфекционист Бурул Жаркынбаева кеңештерди берди.

Нурия, 37 жашта, Бишкек
– Учурда Гонконг сасык тумоосу жүрүп жатат дешүүдө. Бул эмне болгон оору?
– Жугуштуу, паразитардык ооруларды алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Гонконг сасык тумоосу алгачкы жолу 1968-жылы 13-июлда Гонконгдо катталган. Кийин дүйнөгө жайылып, пандемияга айланган. Пайда болгон сасык тумоо түрү жоголуп кетпейт. Дүйнө кезип, улам бир өлкөдө эпидемияга айланып жүрө берет, жаңы штаммдары жаралат. 2 жылдан кийин мезгилдик сасык тумоолордун катарына кирип, мезгилдик сасык тумоо атала баштайт. Гонконг тумоосу 10 жыл бою дүйнөдө көп кайталанып турган. Кыргызстанга биринчи жолу келип жаткан жок. Мисалы, 2023-2024-жылдары өлкөдө катталган. Быйылкы эпидемиялык мезгилде аталган сасык тумоонун H3N2 субтиби катталып жатат. Адам бир сыйра ооругандан кийин организминде бул тумоого каршы антителалар пайда болот. Адам кийин аны кайра жугузуп алганда мурдагыдай оор түрдө оорубайт. Жалпы сасык тумоодо организмде кандай өзгөрүүлөр болот? Сасык тумоонун вирустары кирген соң организм мээдеги гипоталамус безине “пироген” заттарын көп бөлүп чыгарууга “буйрук” берет. Ал заттардан денедеги зат алмашуу күчөп, көп энергия бөлүнүп чыгып, дене табы көтөрүлөт. Бул иммунитеттин вирустарды жок кылууга болгон аракети. Дарынын таасири бүткөндө температура кайра көтөрүлөт. Анткени вирустар абдан көп кирип кеткенде иммунитеттин аларды жок кылууга чамасы жетпей баштайт. Вирустук оорулар 4 күндүк деп аталат. Демек, бул аралыкта дене табынын түшүп, кайра көтөрүлүп турушу нормалдуу эле көрүнүш.
– Сасык тумоодо кандай дарыларды берүү туура? Туура дарылоо ыкмалары кандай?
Гүлиза, 32 жашта, Талас
– Ооруган балабы, чоңбу, өзүнчө бөлмөгө, сүлгү, идиш-аягы менен бөлүп жаткырган оң. Дене табы 38,5 жана андан өйдөгө жеткенде 1 жашка чейинки балдарга курамында парацетамол же ибупрофен бар свечаны көтөн чучугуна салуу керек. Дарынын көрсөтмөсүнө жараша баланын жашына карап дозасын туура салуу шарт. Баланын мурду бүтүп, кургак жөтөлүп жатса, анда физраствор менен ингаляция жасоо кажет. Дене табы көтөрүлгөндө денедеги суюктук тер менен бөлүнүп чыгып кетип, дене кургай баштайт. Андыктан эмчектеги балдарды көп эмизүү зарыл. Суу ичүүгө жарап калгандарына кайнатылган жылуу сууну 1 ууртамдан бат-баттан ичирип туруу зарыл. 2-6 жаштагы балдарга курамында ибупрофен же парацетамол бар сиропту колдонсо болот. Ингаляция кошуу керек.
6 жаштан өткөн балдарга, чоңдорго деле жогоркудай дарылар таблетка түрүндө сунушталат. Ингаляция болот. Сасык тумоодо вирустардан мурундун чел кабыктары, тамак кошо сезгенип ооруйт. Чимкирик агат, мурун бүтөт. Мурундун бүтүшүнө каршы балдар, чоңдор мурдуларына аквамаристи 1 күндө 4 жолу 3 иреттен чачып жуу керек. Же физрастворду 1 күндө 4 жолу 1-2 тамчыдан тамызуу кажет. Чоңдор мурдуларын туздуу суу менен жууп турса дагы болот.
– Жөтөл эмне үчүн кетпейт?
– Анткени чимкирик мурундан тышкары тамакты көздөй да агып, тамакка жабышып, какырыкты жаратат. Тамак да сезгенет. Организм какырыкты чыгаруу үчүн жөтөлдү жаратат. Жөтөлдү кетирип, какырыкты жибитип чыгаруучу АЦЦ дарысы (щипучка) жана сироптор 3 жашка чейинки балдарга берилбейт. Анткени аларда катуу жөтөлүү менен какырыкты түкүрүп сала турган реакция жакшы жарала элек. Какырыкка көкүрөгү, оозу толуп кыйналганда жутат же кусат. Андыктан ингаляция жасоо туура. АЦЦ 3 жаштан жогоркуларга берилет. Тамак катуу оорутса ингалипт, анзибел чачууга уруксат. Муну дарынын көрсөтмөсүнө, баланын жашына карата колдонуңуз.
Дененин кургап кетишинин алдын алып кайнатылган жылуу суу же бөлмө температурасындагы таза суу, морс, компот, майсыз эттин шорпосун ичирүүгө болот. Муздак суу ичүүгө болбойт! Анткени ысып турган организмде муздактан спазм жаралып, адам калтырап-титирейт. Бөлмөдө абанын кургак болушу жөтөлдү күчөтөт. Ошого абаны нымдандыруучу аппаратты колдонуу же сүлгүлөрдү нымдап батареялардын үстүнө жаюу зарыл. Үйдүн полун да бат-баттан жуу шартка ылайык.
Какырыгы чыкпай кыйналган чоңдор деле ингаляция колдонсо жакшы.
Эгер сасык тумоодо тамак абдан кычышып, жөтөл кетпей жатса, ал аллергиялык жөтөл болушу мүмкүн. Мындайда врачка барса, аллергияга каршы дарыны кошуп жазып берет.
– Дарыларды берүү аралыгы канча саат болуш керек?
– Дене табы түшүп, кайра көтөрүлө бергенде парацетамолду берүү аралыгы 4-6 саат, ибупрофенди берүү аралыгы 6-8 саат болушу шарт. Ашыкча дозада же дарыны берүү аралыгын сактабай эрте берип салганда адамда дарыдан уулануу келип чыгып, абалы оорлошот. Дары бергенде деле дене табы улам көтөрүлүп, баланын абалы оорлошо баштаса, калтырап-титиресе, анда “Тез жардам” чакыруу же ооруканага алып баруу зарыл.
Сасык тумоодо өз алдынча антибиотик берүүгө болбойт!
– Дене табы көтөрүлүп жатканда бейтаптын денесин суу сүлгү менен сүртсө же ваннага түшүрсө болобу?
Элида, 29 жашта, Токмок
– Суу сүлгү менен сүртүү – таасирдүү ыкма. Жумшак матаны, дакини кайнаган жылуу сууга малып, баланын колдорун, буттарын, далысын, көкүрөгүн сүртүү керек. Сууга уксус же спирт кошууга болбойт! Алар териге сиңип же дем алуу жолу менен кирип, баланы ууланууга жеткирет.
Муздак суу менен сүртпөңүз, ваннага түшүрбөңүз! Спазм күтүлүп, калтыроо-титирөө жаралат. Дене табын түшүрүүгө бейтап жаткан бөлмөнү ар бир 2-3 саатта желдетип, салкындатып туруу да жардам берет. Ооруган адамды калың кийинтпей, футболка, чолок шым менен жаткызуу туура. Шуулдап эрүүчү С витамининин сасык тумоого жардамы жок.
– Сасык тумоонун мезгили учурунда имбирь, лимон, сарымсак, бал аралашмасын колдонуп айыгып жатабыз дегендер көп. Алардын дарылыгы канчалык?
Жибек, 43 жашта, Баткен
– Аталган аралашманын дарылыгы бар. Бирок 14 жашка чейинки балдарга болбойт. Анткени алардын ашказанын, ичегилерин дүүлүктүрүп оорутат. Боор, бөйрөгүнө күч келтирет. 14 жаштан өткөн балдардын организми бир топ чыңалып калат. Аллергик, асматик балдар сасык тумоо болгондо башкаларга караганда көп кыйналат. Ошого аллергиктерди аллергологго, асматиктерди пульманологго алып барып дарылатуу керек. Дарылоо жолдорун билип алган соң үйдөн дарылоого болот.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















