Бишкек мэри балатыны жасалгалоого 2 миллион сомдой жумшалганын айтты (репортаж)
Кечээ, 15-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Иш-чарага келген конокторго концерттик программа, оюн-зооктор уюштурулган.
Ал эми башкы балатынын бийиктиги 32 метр, чокусундагы жылдызы менен 35 метрге жетет. Аны жасалгалоо үчүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, 1,5-2 миллион сомдой акча каражаты жумшалган.
"Шаар тургундары жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо үчүн колубуздан келишинче аракет кылдык. Бул жылы бир гана балатыга гана көңүл бурулбай, атайын эс алуу зоналары дагы жасалды.
Акча каражатын үнөмдөө максатында иш-чараларда киреше алып келигидей, ошол эле учурда элге шарт түзүлгөндөй кылып жасап жатабыз. Ал эми балатыга 1,5-2 миллиондой акча каражаты жумшалды. Бирок соода түйүндөрү, оюн зоок жайларынын натыйжасында биз кайра пайда табабыз",- деген мэр.
Балатыны жандыруу аземин толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрсөңүздөр.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















