Сасык тумоого байланыштуу 526 мектеп онлайн окууга өттү
Өлкө аймагында КРВИ жана сасык тумоого байланыштуу 526 мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Салматтык сактоо министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, акыркы бир жума ичинде 37 миң 629 учур катталып, мурунку жумага салыштырмалуу 11,7 пайызга азайганы байкалган. Ал эми ооругандардын жалпы санынын 72,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
"15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жабылды",- деп билдирди министрлик.
Учурда күн сайын мониторинг жүргүзүү уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-12-16
15:38
2025-12-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















