super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстанда "Айтматов картасын" ишке киргизүү сунушталды

 

Кыргызстандын шаардык жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары өлкөдө Орусиядагы "Менделеев картасына" окшош социалдык долбоорду ишке киргизүүнү сунушташты. Демилгеге "Айтматов картасы" деген ат берилди.

Бул идея кыргыз делегациясынын Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында пайда болгон. "Орусиянын тааны" программасынын алкагында уюштурулган сапарга 62 депутат катышып, Орусияда жаштар менен иштөө тажрыйбасын изилдеп, аны Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан.

Сапардын жүрүшүндө депутаттардын өзгөчө кызыгуусун Орусияда ишке ашырылып жаткан "Менделеев картасы" долбоору жараткан. Бул программа Орусияда таланттуу окуучуларга жана студенттерге билим берүү, транспорт, музейлерге, театрларга жана спорт залдарына баруу үчүн ар кандай жеңилдиктерди берет. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, мындай механизм Кыргызстандагы таланттуу жаштар үчүн да олуттуу колдоо болуп, алардын өнүгүүсүнө түрткү бере алат.

Сунушталып жаткан "Айтматов картасы" улуттук программа катары каралып, жаштар үчүн билим берүү жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү бириктирген долбоор болушу мүмкүн. Аталган демилме улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысмына жана анын баалуулуктарына таянары белгиленет.

Мындан тышкары, Кыргыз делегациясы Орусияда ишке ашырылып жаткан "Жаштар үчүн регион" аттуу аймактык жаштар демилгелерин колдоого багытталган комплекстүү өнүгүү программасы менен таанышкан. Депутаттар мындай форматтар Кыргызстан үчүн да актуалдуу экенин жана жаштарды шаарлар менен айылдардын өнүгүшүнө активдүү тартууга жардам берерин белгилешти.

Расмий программанын алкагында кыргыз парламентарийлери Москва шаардык өкмөтүндө, Ситуациялык борбордо жана Москва шаардык думасында болушуп, шаарды өнүктүрүүгө багытталган негизги программалар менен таанышышты. Маданий бөлүгүндө Жеңиш музейине экскурсия жана Кызыл аянтка сейилдөө уюштурулган.

Москвага болгон иш сапар тажрыйба алмашуу менен гана чектелбестен, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө да өбөлгө түздү. Алынган идеялар жана сунуштар жакын арада Кыргызстанда талкууланып, жаңы жаштар долбоорлорун ишке киргизүүгө негиз болору белгиленди.

Маалымат үчүн

"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду жеке каражаттардын эсебинен ишке ашырган уюм. Уюм салттуу баалуулуктарды сактоого, улуттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, билим берүү, медицина жана жаштар алмашуу багыттарында долбоорлорду ишке ашырат. Негизги багыттарынын бири — окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо. Акыркы бир жарым жыл ичинде уюм ар кайсы өлкөлөрдөн 100 миңден ашуун катышуучуну бириктирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: