Жарандар унааны "Түндүк" тиркемеси аркылуу каттай алышат
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунда эми "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынын басма сөз кызматы билдирди.
Каныбек Туманбаев: “Эми жарандар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматын колдоно алышат. “Түндүк” аркылуу транспорт каражаттарын онлайн кайра каттоо кызматы мамлекеттик маалыматтык системдер менен интеграцияланган. Бул жарандарга кызматтарды аралыктан, тез жана ыңгайлуу түрдө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда адам факторун азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга шарт түзөт”,- деп билдирди.
Туманбаев белгилегендей, бул жаңылануулар жарандар үчүн ыңгайлуулукту арттырып, убакытты үнөмдөөгө, документтердин коопсуздугун жогорулатууга жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Натыйжада транспорт каражаттарын каттоо процесси заманбап, ачык жана ыкчам форматка өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















