"Абактагы атаңды чыгарып берем" деп бирөөнү 1,5 миллион сомго алдап кеткен шектүү кармалды
Баткенде тургундун атасын абактан чыгарууга убада берип, анын 1,5 миллион сом акчасын алдап алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, шаардык милицияга 2-октябрда Баткен районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Баткен шаарынын 46 жаштагы Э.С. аттуу тургуну "абактагы атаңды бошотуп берем" деп 1 миллион 500 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен качып жүргөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен иш козголуп, Э.С. кармалды. Учурда шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:41
2025-12-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















