УКМК кызматкерлери Балыкчыдагы талаадан тапанчаларды табышты
Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарынын четинен Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана револьвер түрүндөгү ок атуучу куралдар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат куралдардын номурлары атайылап өчүрүлгөнүн белгиледи. Тапанчалар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө таандык болгону аныкталган. Алар куралдарды өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн жүргүзүү үчүн мыйзамсыз алышкан.
Учурда курал-жаракты мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.
УКМКнын кызматкерлери Балыкчыдагы талаадан тапанчаларды табышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:41
2025-12-16
16:32
2025-12-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















