Элдар Абакиров Жогорку Сотко арыз жазганы маалым болду
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер болгон Элдар Абакиров Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылган. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматынан тастыктады.Маалым болгондой, арыз эртең, 17-декабрда саат 16:30да каралат.
Эске салсак, 12-декабрда Бишкектин административдик соту Абакировдун Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын канааттандырган эмес.
Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, БШКга арыз жазган. Ал өзү катышкан округда мыйзам бузуулар болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.
ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастап, текшерүү иши жүрүп жатканын билдирген. БШК 8-декабрдагы отурумунда акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугу айтылып, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатынын арызы канааттандырылган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:54
2025-12-16
19:05
2025-12-16
20:22
2025-12-15
14:19
2025-12-15
13:49
2025-12-15
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















