super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн макулдашууга кол коюлду                 

 

Бүгүн, 16-декабрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты.

Министрлер кабинети кабарлагандай, макулдашууга "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу компаниясы" ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытайдын Банктар Синдикаты кол койгон.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоорунун баасы 4,7 миллиард доллар деп бааланган. Бул сумманын тең жарымын Кытай 2,3 миллиард доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берүүдө.

Бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин Биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми калган 2,3 миллиард долларды үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51 пайызын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5 пайыздан чыгарат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: