super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы Бишкекте турак жай комплекстеринин курулушун баштап берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте эки турак жай комплексинин курулушунун башталышына арналган аземге катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, турак жай комплекстеринин курулушу Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ишке ашырылат. Касымалиев алгач "Тянь-Шань бермети" турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутучасын салып, өлкөдө курулуш секторунун активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, жаңы турак жай комплекстеринин курулушунун башталышы шаардын өнүгүшүнө жаңы импульс берерине ишенимин билдирген.

Аталган турак жай комплексиндеги имараттар 23 кабаттан 34 кабатка чейинки 11 блоктон турат. Комплекс 1281 батирге ылайыкталган. Батирлердин жалпы аянты 80 958 чарчы метрди түзөт.

Ошондой эле өкмөт башчы "Теңир-Тоо жарыгы" турак жай комплексинин курулушуна капсула салган. Комплекс 1064 батирден, 19дан 34 кабатка чейинки 4 блоктон турат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: